10-декабрь, 2024-жылы СЭО(И)-1-23 тайпасында улук окутуучу Ахмедова Гулида Абдраимджановна «Дүйнөнүн мыкты музейлери. Интернет-экскурсия» темасында көргөзмөлүү ачык сабак өттү.Сабактын негизги максаты – студенттерге дүйнөлүк музейлердин маданий жана тарыхый мурастарын көрсөтүү, алардын баалуулугун түшүндүрүү жана интернеттин жардамы менен виртуалдык экскурсия өткөрүү болду.
Сабак учурунда студенттер Лувр (Франция), Британ музейи (Улуу Британия), Эрмитаж (Орусия) жана башка атактуу музейлердин тарыхы, экспонаттары менен таанышып, аларга болгон кызыгуусун арттырды. Сабактын өзгөчө бөлүгү Освенцим концлагеринен үзүндүнү сахналаштырып көрсөтүү болду. Бул көрүнүш студенттерди тарыхтын эң оор барактарына алып барып, согуштун кайгылуу чындыгын терең сезүүгө жана фашизмдин кесепеттерин түшүнүүгө жардам берди.
Сабакта музейлерди онлайн изилдөө жана виртуалдык ресурстарды пайдалануу боюнча ыкмалар көрсөтүлдү. Бул билим берүүдө заманбап технологияларды натыйжалуу колдонууга багыт берди.
Бул ачык сабак дүйнөлүк маданиятка кызыгууну арттыруу менен бирге, студенттерге тарыхый окуялардын маанисин терең түшүнүүгө чоң өбөлгө түздү. Сабак суроо-жооптор, жандуу талкуулар жана кызыктуу ресурстарды пайдалануу менен жыйынтыкталды.






