Факультеттин тарыхы

ТАРЫХ-ФИЛОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

Кыргыз-Өзбек университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде өзбек-педагогикалык факультети 1998-жылдын 5-сентябрында түзүлгөн (№22 Д буйругу). 1999-жылы өзбек-педагогикалык факультетинин базасынан табигый-педагогикалык жана гуманитардык-педагогикалык  факультеттери бөлүнгөн. 2002-жылы гуманитардык-педагогикалык факультети тарых-филология факультети деген ат менен кайрадан түзүлгөн. Педагогика факультети жоюлуп, тарых-филология факультети менен биргеликте, 2010-жылы гуманитардык-педагогикалык факультети болуп жаңыланган. 2013-жылы дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер факультетиндеги кээ бир адистиктер жабылып, студенттердин саны кескин түрдө азайгандыгына байланыштуу, гуманитардык-педагогикалык факультетинин базасында англис филологиясы кафедрасын сактоо менен факультет кайрадан тарых-филология факультети болуп түзүлгөн. (03.09.2013, № 90 буйругу).

Факультеттин түптөлүшүндө жана өнүгүп-өсүшүнө алгачкы декандар, профессорлор А.С. Худайбердиев менен А.А. Анарбаевдин эмгеги зор.

Андан кийин факультеттин деканы кызматында доценттер Р.У. Алиева жана С.М. Мурзакулов,  профессор А.К.Кулназаровдор эмгектенишкен. Факультеттин тарыхында декан катары профессор А.Т.Балтабаеванын эмгеги өзгөчө.Ошондой эле педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Н.Д. Тилекова факультетти жетектеген 5 жыл аралыгында факультеттин өсүп өнүгүшүнө барандуу салым кошконун белгилөөгө болот.

Бүгүнкү күндө тарых-филология факультетин доцент Ж.Т. Каденова жетектейт.

Факультет КРнын жана алыскы, жакынкы чет мамлекеттердин билим берүү, илим тармагына керектүү жогорку квалификациялуу, кесипкөй тарыхчы жана филология багытындагы мугалимдерди даярдайт.

Факультеттин өзгөчөлүгү – күчтүү билим берүү базасы менен бекемделген аналитикалык жөндөмдү өнүктүрүүгө басым жасоо болуп саналат. Дүйнөлүк маданияттын тарыхын мыкты деңгээлде өздөштүргөн классикалык тарыхый билим, англис, немис, орус жана кыргыз тилдерин терең билүү учурдун эмгек рыногунда кеңири перспективаларды сунуштайт. Факультет гуманитардык, коомдук илимдерди интеграциялоонун жана дисциплиналар аралык тоскоолдуктарды жоюунун аракетинде ийгиликтүү иш алып барат.

Билим берүү жана тарбиялоо жараянынын негизинде заманбап таанып-билүү кырдаалына ширетилген, ошондой эле дүйнөлүк тарых жана маданият маселелерин, чет тилдерин, орус, кыргыз тилдерин кесипкөй билген интеллектуалдык инсанды тарбиялоого, билимдин чектеш тармактарынын жетишкендиктерин жана мүмкүнчүлүктөрүн топтоого жана жаңы социалдык шарттарга, анын ичинде рыноктук конъюнктуранын өзгөрүүлөрүнө ийгиликтүү ыңгайлашууга жөндөмдүү ар тараптуу билимдүү адистерди калыптандырууга умтулуу жатат.

Тарых-филология факультети окуу-усулдук, илимий-изилдөө, маданий-массалык, эл аралык ж.6. ишмердүүлүктөрү менен ийгиликтерди жаратып, 30 жылга жакын убакыт ичинде университетте мыкты факультеттердин катарын толуктап келе жатат.