Англис филология кафедрасынын тарыхы

2002-жылы сентябрь айында университеттин Окмуштуулар кеңешмесинин токтому менен “Лексика жана фонетика” кафедрасы кайрадан  “Англис филологиясы” кафедрасы болуп түзүлгөн. 2003-жылдын сентябрь айынан тартып, ага окутуучу Р. А. Алишова кафедра башчысы болуп дайындалган. Ал эми 2005-жылдан баштап, кафедранын ага окутуучусу А.А. Джураев жетектеген. 2010-жылдын сентябрь айынан баштап К.К. Белекова жетектеп келген. 2016-жылдын январь айынан тартып, ф.и.к., доцент Д.С. Сайидырахимова кафедранын жетекчилигин аркалады. Ошондой эле 2019-жылдын сентябрь айынан тартып п.и.к., доцент Ж.Т. Каденова жетектеп келүүдө.

Англис филология кафедрасы англис тили адистигин бүтүрүүчү (бакалавр даражасын ыйгаруучу) кафедра болуп эсептелет. 2023-2024-жылындагы кафедранын профессордук-окутуучулар курамы 15 мүчөдөн турат. Алардын арасынан 2 илимдин кандидаты , 2 ага окутуучу, 5 магистр, 5 окутуучу жана 1 лаборант эмгектенет. Профессордук-окутуучулук курам Кыргызстандан, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн өз билимдерин өркүндөтүү максатында окуу-усулдук, илимий-теориялык тажырыйбаларын алмашып келишет.

Кафедранын  материалдык-техникалык жана окуу-усулдук базасы активдүү ишмердүүлүк жолунда. Студенттер үчүн лекциялык, практикалык кааналар, 2 лингафондук каана  жана 1 ресуртук борбор, 1 батыш билим берүү борбору менен камсыз болгон. Бардык аудиториялар мебелдер, маркердик жана интерактивдик доска, проекторлор менен жабдылып, заман талабына шайкеч билим берүүгө болгон шарттар толук түзүлгөн.

Кафедрага тиешелүү №212 Англис тилинин заманбап ресурстук борбору окуу процессинин эффективдүүлүгүн артырууга көмөк көрсөтүүнү шарттоо менен студентердин өз алдынча чыгармачыл деңгээлде  иштөөсүн уюштурууга, тилдик ишмердүүлүктүн бардык түрлөрүн практикалоосуна негизденип 2013-жылы түзүлгөн. Борборго англис филология кафедрасынын доценти, ф.и.к. Сайидырахимова Д.С. жооптуу. Ошону менен бирдикте кафедранын профессордук-окутуучулук курамынын профессионалдык өсүүсүнө түздөн түз жардамчы болуп саналат.

Борбордун милдети:

  1. Окуу, тарбия берүү жараянын илимий-маалыматтык колдоо менен камсыздоо;
  2. Окутуучуларды өз билимин өркүндөтүү системасында колдоо;
  3. Билим берүүдө инновациялык технологияны колдонууну жана алдыңкы окутуучулардын тажрыйбаларын жайылтууну жолго коюу;
  4. Илимий басылмаларга материалдарды, макалаларды, усулдук иштелмелерди  даярдоодо ошондой эле педагогикалык ишмердүүлүк жүргүзүүдөгү ар бир окутуучунун иш тажрыйбасын анализдөөгө консультативдик колдоо көрсөтүү;
  5. Эл аралык гранттык программаларга, адистик боюнча атайын эл аралык  IELTS, TOEFL, IBT, TKT ж.б. экзамендерге даярданууга шарт түзүү.

Англис тилинин ресурстук борбору ачылган күндөн тартып сырткы облиги өзгөрүп, методикалык копилкасы толукталып келе жатат. Бүгүнкү күндө ресурстук борбор окутуунун заманбап техникалык каражаттары менен жабдылган.  Мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык аталган борбордо окуу-тарбиялык иш-чаралар өткөрүлүп келет. Ошондой эле окуу процессинин эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун арттыруу максатында усулдук, илимий-практикалык семинар, тренинг, тегерек стол, дебат, онлайн дискуссиялар, мастер класстар байма-бай уюштурулуп турат. Чет элдик окумуштуулар, усулчулар менен онлайн форматта вебинарлардын сериясын өткөзүп туруу натыйжалуу уюштурулуп келет. Кафедра окутуучулары дүйнөлүк деңгээлдеги илимпоздордун лекцияларына онлайн катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда ресурстук борбордун зор пайдасы тиет. “Англис тили” клубунун маданий иш чараларын коомчулукка жайылтуу борбордун негизги функциясы болуп саналат.