Өзбек маданий борбору

“Өзбек маданий борбору”

Өзбек тили жана адабияты борбору 2006-жылы КӨУнин  ректору М.Т. Мамасаидовдун тарых-филология факультетинин деканы проф. А.Т. Балтабаеванын жетекчилигинде  өзбек филология кафедрасынын окутуучуларынын демилгеси менен  ачылган. 2023-жылы Б.Сыдыков атындагы КӨЭУнун ректору проф. Ч.К. Райымбаевдин жетекчилигинде тарых жана философия кафедрасынын ага окутуучусу Г.А. Ахмедованын сунушу менен кайрадан реконструкция кылынды. 2022-23-окуу жылынын башында тарых-филология факультетинин деканы п.и.к., доц. Н.Д.Тилекованын сунушу менен   борбордун аталышы “Өзбек маданий борбору” болуп өзгөрдү. Бул борбор өзбек элинин маданияты, каада салттары,  тилин жана элдик оозеки чыгармачылыкты өнүктүрүүнү  колдоого алат. Университеттин миссиясына ылайык бул борбор эки элдин достугун чыңдоого багытталган.  Борбордун жетекчиси тарых жана философия кафедрасынын ага окутуучусу Г.А. Ахмедова.(415 каана)