Славян дүйнөсү борбору

Орус маданий борбору “Славян дүйнөсү”

      Борбор 2002 – жылы орус филологиясы кафедрасынын колдоосу менен тарых-филология факультетинде негизделген. Борбор орус тилинин жана адабиятынын алгачкы күндөрүндөгү тарыхын чагылдырган керектүү окуу материалдары менен жабдылган. Ошондой эле борбор керектүү методикалык окуу куралдары, көркөм адабияттар, телевизор жана DVD менен камсыз болгон. Студенттер бош убактысында орус классикалык жазуучуларынын экрандаштырылган көркөм чыгармаларын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

    Борбор түзүлгөндөн бери студенттерди орус тилин жана орус маданиятын үйрөнүүгө жана түшүнүүгө чакырган иш-чаралар өткөрүлүп келет. Буга байланыштуу бир катар илимий – практикалык конференциялар, семинарлар уюштурулуп өткөрүлдү, аларга биздин ЖОЖдун окутуучулары жана студенттери гана эмес, башка ЖОЖдордун өкүлдөрү жана студенттери да катышты. Жыл сайын салтка айланган университеттин масштабында орус филологиясы кафедрасынын окутуучулары тарабынан орус тили жана адабияты профилинде окуган студенттерин, ошондой эле университеттин бардык профилдеринин студенттерин орус элинин каада-салттары жана үрп-адаттары, жашоо образы, өзгөчө жашоосу менен тааныштыруу максатында орус тилинин жана орус маданиятынын декадасы уюштурулат. Бул иш-чараларды өткөрүү учурунда жаштар орус даамдарын даярдоо, элдик ырларды жана бийлерди аткаруу, ыр окууда өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн, жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтө алышат. Учурда студенттерди орус оймо-чийимдерин саймалоого, рушниктерди, оюнчуктарды ж. б. жасоо боюнча иштер жүрүп жатат.

   Орус тилин жана орус элинин маданиятын жайылтуу максатында студенттер менен биргеликте орус жазуучуларынын жана акындарынын жашоосуна жана чыгармачылыгына арналган ар кандай иш-чаралар: орус маданиятынын кооздугун жана уникалдуулугун, руханий дүйнө байлыгын, орус элинин каада-салттарынын жана үрп-адаттарынын кеңдигин көрсөткөн майрамдык иш-чаралар уюштурулат жана өткөрүлөт.

    Борбордун ишмердүүлүгү илим, маданият жана билим берүү жаатындагы эл аралык кызматташтыкты колдоого багытталган. Борбордун негизги максаты-орус маданиятынын абалын бекемдөө, студенттерди орус маданий мурасы жана заманбап орус искусствосу менен тааныштыруу. Бул үчүн ар кандай көргөзмөлөр, концерттер, фестивалдар орус маданиятынын алдыңкы ишмерлеринин катышуусу менен өткөрүлөт. Борбордун ишмердүүлүгүнүн багыттарынын бири университетте орус тилин үйрөнүүгө колдоо көрсөтүү, өнөктөш-өлкөлөрдөгү билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу болуп саналат.

    Орус борборунда адабий-музыкалык жана поэзия кечелери, көргөзмөлөр, маданият ишмерлери менен жолугушуулар, лекциялар, конкурстар, сминарлар  үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет

Учурда борборду ага окутуучу Кокоева Т.С. жетектейт.