Тарых-филология факультетинин базасында ачылган “Маданий антропология боюнча эл аралык изилдөө” борборунда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Ардактуу профессору, филология илимдеринин доктору, профессор Кадыралы Коңкобаев Кыргызстандагы өзбек элдеринин жана Өзбекстандагы кыргыз элдеринин фольклору, этнографиясы, тили, каада-салты, үрп-адаттары туурасында кезектеги илимий семинарын өтүп берди.
Соңунда борбордун мүчөлөрүнө жогорудагы маселелердин алкагында тиешелүү тапшырмаларды берип, келечекте аткаруучу илимий иштердин мазмунуна токтолду. Борбордун иши менен таанышып алдыдагы пландары менен ой бөлүштү.
Университеттин эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректору, филос.и.д.,профессор Балтабаева Аида Тынайбековна эл аралык борбордун аткарып жаткан иштерине токтолуп, профессор Кадыралы Коңкобаевге ыраазычылык билдирди.