2024-жылдын 24-октябрь күнү Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу расмий өкүлү Канат Мамбеталиев КӨЭАУнун тарых-филология факультетинин студенттерине “Түрк тилдүү элдердин адабий, тарыхый жана маданий байланыштары” деген темадагы конок лекциясы өтүп берди.
Канат Уркашевич студенттерге ТҮРКСОЙ уюмунун түзүлүшү, жетишкендиктери жана келечек пландары туурасында кеңири маалымат берди. Соңунда мугалимдер жамааты жана студенттер конок лекция абдан кызыктуу болгонун айтып, Мамбеталиев Канат Уркашевичке ыраазычылыктарын билдиришти.