Окуу-усулдук иштери

Окуу-усулдук иштери

Тарых-филология факультети окуу-усулдук иштердин бардык түрлөрүн уюштурууну, аны координациялоону, ошондой эле кафедралардын окуу-методикалык ишмердүүлүгүн контролдоону камсыз кылат.

Негизги милдеттери

*   Окуу процессин пландаштырууну, уюштурууну жана мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;

* Кафедралардагы окуу-методикалык иштердин абалына, окутуунун сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча факультеттин, университеттин окуу-методикалык кеңешинин чечимдерин аткаруу боюнча иш чараларга үзгүлтүксүз көзөмөл уюштурат;

*  Профессордук-окутуучулар жамаатынын окуу-методикалык ишмердүүлүгүн тынымсыз жакшыртуу;

*  Окуу процессин окуу-методикалык жактан камсыз кылуунун сапатын жогорулатуу;

*  Окутуунун жаңы жана прогрессивдүү технологияларын колдонуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

*  Студенттердин кызыкчылыктары боюнча атайын курстарды, семинарларды иштеп чыгуу;

*  Билим берүү процессин методикалык камсыздоо жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана талдоо;

*  Негизги билим берүү программаларына керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарын изилдөө.

Факультет окуу-усулдук иштердин натыйжалуулугун арттыруу максатында билим берүү мекемелери, уюмдар менен кызматташууну күчөтүүнүн үстүндө алгылыктуу иштерди алып барат.  Студенттер жана магистранттар үчүн келишим түзүлгөн практика базалары менен биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү системалуу түрдө уюштурат.

Факультеттин базасында түзүлгөн борборлордун иш планына ылайык конок лекциялар, тегерек стол, усулдук семинарлар, илимий жыйындар, дебат, интеллектуалдык таймаштар, конкурстар, маданий иш чаралар тынымсыз өткөрүлөт жана аталган аракеттердин бардыгы студенттердин заман талабына ылайык сапаттуу билим алуусуна мүмкүнчүлүк жаратуу менен факультеттин окуу усулдук иштерин жогорку деңгээлде жүргүзүүнү шарттайт.