Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кара Кыргыз Автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана ”Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата жогорку окуу жайлардын кыргыз филология факультеттеринин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында сынак-улуттук олимпиада өткөрүлдү.
Аталган Улуттук Олимпиада 4 этаптан туруп, 1-этабында кыргыз филологиясы багытында билим берген ар бир окуу жайдан 5тен студент тандалып, аты-жөнүн Билим берүү жана илим министрлигине жиберүү;
2-этапта тандалып алынган студенттер ” Мен мугалиммин ” аталышында 5 минуталык видео тартып жиберүү;
3-этапта 20 катышуучу тандалып алынып, аларга атайын калыстар тобу тарабынан даярдалган суроо-жооптор берилген;
4-этап, финалдык баскычка 10 катышуучу өтүп, алар алдын-ала даярдалган мектепте окуучуларга 20 минуталык сабак өтүү.
Сынакта Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кыргыз филологиясы багытында билим алган студенттер эң жогорку көрсөтүчтөрдү көрсөтүп, 2 студент финалдык баскычка өтүп, жыйынтыгында Жаныбекова Гүлдана 2-орунду камсыздады.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 12-декабрь күнү атайын иш чарада тапшырыларын министрликтен билдиришти.
Сынактын максаты – кесиптик окуу жайлардын филология багытында окуган бүтүрүүчүлөрдүн кесипке даярдыгына талдоо жүргүзүү жана баалоо. Жыйынтыгы боюнча артыкчылыктарды аныктоо жана көйгөйлөрдү жоюу багытында тиешелүү иш-аракеттер планын иштеп чыгуу болуп саналат.
Студенттерди КӨЭАУнун кыргыз филологиясы кафедрасынын башчысы Бактыгүл Исмаилова жетектеп жүрдү.