Эл аралык мамилелер
Факультеттин эл аралык ишмердүүлүгү университеттин эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректору тарабынан координацияланат. Эл аралык мамилелер профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын эл аралык деңгээлде жогорулатууга жана академиялык мобилдүүлүктү камсыз кылууга багытталган иштерди жүргүзүү менен Кыргызстандын, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн алдыңкы университеттери менен кызматташууну активдештирүүгө бүткүл аракетин жумшап келет. Тарых-филология факультетинин эл аралык кызматташтыгынын салттуу багыттарынын катарына төмөнкүлөр кирет:
- чет өлкөлүк окуу жайларда илимий – педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу;
- жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин университеттери, илимий жана билим берүү фонддору жана уюмдары менен эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү;
- билим берүү процессинде биргелешкен эл аралык билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- эл аралык илимий, билим берүүчү уюмдарга, ассоциацияларга, коомдорго мүчөлүк;
- окутуучулар жана студенттердин эл аралык академиялык мобилдүүлүк программаларына катышуусуна шарт түзүү;
- эл аралык программаларды жана долбоорлорду, эл аралык гранттардын алкагында түзүүгө жана ишке ашырууга катышуу.
Тарых-филология факультетинде жүргүзүлүп жаткан эл аралык ишмердүүлүктүн максаты окуу жана илимий иштерде жогорку эл аралык стандарттарга жетишүү үчүн дүйнөлүк билим берүү, илимий, экономикалык жана маданий мейкиндикке интеграциялоо, адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу, факультеттин илимий потенциалын өнүктүрүү, билим берүү чөйрөсүндө жалпы адамзаттык баалуулуктар системасын калыптандыруу, факультеттин жетишкендиктерин жана тажрыйбасын чет өлкөлөрдө жайылтуу болуп саналат.