Кыргыз филология кафедрасынын алдында “Айтматов таануу” борбору 2017-2018- окуу жылында алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулуп, ошондон баштап өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат. Борбордун негизги максаты дүйнөгө таанымал жазуучунун өмүр-таржымалын жана чыгармаларын окуу жайда билим алып жаткан студенттерге терең окутуп- үйрөтүү менен алардын руханий жан дүйнөсун байытуу болуп эсептелет.
Филологиялык билим беруү багытынын кыргыз тили жана адабияты профилинде жана башка профилде окуп жаткан таланттуу студенттер борборго мүчө болуп, ал студенттердин катышуусун Улуттук адабият күнүнө жана акын-жазуучулардын туулган күнүнө карата ар кандай тематикадагы адабий-музыкалык кечелер, ар кандай темадагы иш-чаралар, тегерек столдор, диспуттар, конкурстар уюштурулат. Кыргыз филологиясы кафедрасынын окутуучусу ф,и,к., доцент С.К.Эшманова борборго жооптуу окутуучу катары иш алып барууда.