Илимий изилдөө ишмердүүлүгү

Илимий изилдөө ишмердүүлүгү

Тарых-филология факультети университеттин алдыңкы билим берүү жана илим борборлорунун бири. Факультет педагогикалык жана илимий ишмердүүлүктү ийгиликтүү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген жогорку квалификациялуу кадрдык потенциалга ээ. Факультетте 1 илимдин доктору, профессор жана 13 илимдин кандидаты, доцент илимий наамга ээ окутуучулар эмгектенишет.

Илимий изилдөө ишмердүүлүгү факультеттин профессордук-окутуучулук курамынын жана студенттеринин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири болуп саналат. Илимий  изилдөөлөрдү жүргүзүү окутуунун учурдагы багыттары боюнча фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдүн негизинде окутуу-тарбиялоо процессин үзгүлтүксүз өркүндөтүүнү жана билим берүү ишмердүүлүгүнө заманбап усулдарды жана педагогикалык технологияларды киргизүүнү камсыз кылат.

 Тарых-филология факультетинде жүргүзүлүп жаткан илимий-изилдөө иштеринин негизги милдеттери:

– актуалдуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, профессордук-окутуучулук курамдын илимий квалификациясын жогорулатуу;

– жаңы илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын практикага киргизүү аркылуу окуу процессин байытуу;

– профессордук-окутуучулар курамынын ойлоп табууларын практикада колдонууну кеңейтүү жана биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында чет өлкөлүк жана ата мекендик илимпоздор, алдыңкы илимий борборлор, эл аралык уюмдар менен кызматташуунун жаңы, прогрессивдүү формаларын өнүктүрүү;

– университеттин миссиясына шайкеч жана коомдун талаптарына жооп берген, аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга негизделген илимий долбоорлорду ишке ашыруу;

– Scopus, Web of Science, РИНЦ ж.б. системаларында индекстелүүчү эл аралык басылмаларда илимий багыттагы эмгектерди жарыкка чыгаруу;

– илимий изилдөөлөрдү жана билим берүү ишмердүүлүгүн эффективдүү интеграциялоо, профессордук-окутуучулук курамдын жана студенттердин илимий конференцияларга жана талкууларга активдүү катышуусуна шарт түзүү, колдоо;

– Эл аралык, республикалык, аймактык конференцияларды, илимий жыйын, семинарларды уюштуруу;

– илимий изилдөөлөрдү жүзөгө ашырууга зарыл болгон  теориялык эрежелер, принциптер, методдор, технологиялар менен студенттерди тааныштыруу жана аларды илимий-изилдөө иштерин аткарууга тартуу;

– студенттик илимий ийримдердин ишин активдүү алып баруу.

Факультеттин илимий изилдөө ишмердүүлүгү төмөнкү темалардын алкагында жүргүзүлөт:

Кыргызстан элдеринин тарыхы, маданияты жана философиясы;

Маалыматтык коомдун философиялык проблемалары;

Кыргыз тилинин жана адабиятынын актуалдуу проблемалары, окутуунун негизги маселелери;

Орус тили жана адабиятын окутуунун методикасы жана теориянын актуалдуу проблемалары;

Англис, немис тилдеринин лексикалык жана фразеологиялык курамынын актуалдуу проблемалары: теориялык жана прикладдык аспектилер;

Маданияттар аралык коммуникация шартында чет тилдерин окутуунун негизги маселелери.

Факультеттин илимий турмушу