5-декабрь күнү ТФФнын тарых жана философия кафедрасынын улук окутуучусу Р.Т.Умарова СЭО(И)-1-23 тайпасына Маданияттын тарыхы дисциплинасы боюнча көргөзмөлүү ачык сабак өттү.
Сабактын максаты байыркы доордон башталган кыргыздардын Ата-Мекен маданиятынын тарыхы, каада-салттары тууралуу студенттерге маалымат берүү жана улуттук баалуулуктарды аздектөөгө тарбиялоо экендиги окутуучу тарабынан сабактын башында маалымдалды.Улуттук маданият кыргыз элинин тарыхында жана руханий мурастарында жогорку баага ээ экендиги белгиленди.
Студенттер сабакка өзгөчө активдүүлүк менен катышышты.