✨ Бүгүн, 23-март күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Тарых-филология факультетинде “Тарых жумалыгы” салтанаттуу ачылды.
📍Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” Жарлыгынын алкагында жана 28-март — Бүткүл дүйнөлүк тарыхчылар күнүнө карата уюштурулду.
📍Жумалык Тарых жана философия кафедрасы тарабынан “Уңгу жол – тарыхый эс тутум жана улуттук аң-сезим” аталышында өткөрүлүп, 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 110 жылдыгына жана Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналды.
📍Салтанаттуу иш-чараны университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор А.А.Мамасыдыков ачып берип, тарых илиминин коомдогу орду жана мааниси тууралуу баса белгиледи. Ал эми Тарых жана философия кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты М.М.Ташалиева жумалыктын программасы менен тааныштырып, анын негизги максаттарына токтолду.
📍Жумалыктын алгачкы күнүндө “Тарых түбөлүктүү” темасында көргөзмө уюштурулуп, анда 1916-жылдагы окуяларга жана 1924–1926-жылдардагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу мезгилине байланышкан архивдик документтер, сүрөттөр жана баалуу экспонаттар коюлду. Өзгөчө көңүл бурдурган бөлүк — live-экспозиция болуп, студенттер тарыхый инсандардын образында конокторду тосуп алышты.
📍Бул иш-чара тарыхка болгон кызыгууну арттыруу, улуттук мурастарды терең таанып-билүү, студенттердин илимий жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, ошондой эле мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесиптик багыт берүү максатын көздөйт.
📍Жумалыктын алкагында ачык сабактар, тегерек столдор, интеллектуалдык оюндар, конкурстар жана кызыктуу жолугушуулар өткөрүлөт.
📍Тарых — бул өткөндү тек гана баяндабастан, келечекке багыт берген улуу мурас. Ушул себептен улам бардык катышуучуларды “Тарых жумалыгына” активдүү катышууга чакырабыз!
📸 Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, больница, помост и текст