«Билим-Стандарт» көз карандысыз агенттиги тарабынан аккредитациядан өтүп жатат
Тарых-филология факультетинин социалдык-экономикалык билим берүү багытынын тарых профили «Билим-Стандарт» көз карандысыз агенттиги тарабынан аккредитациядан өтүп жатат. Биринчи күнү сырткы эксперттер материалдык-техникалык база менен таанышып, аталган профилде окуп жаткан студенттер, бүтүрүүчүлөр, иш берүүчүлөр жана профессордук-окутуучулук жамааты менен жолугушуп, интервью алышты.