Тарых-филология факультетинде 12-декабрь Улуттук адабият күнү жана Ч.Айтматовдун 96 жылдыгы белгиленди.
«КЕЛ, КҮЧ СЫНАШАБЫЗ!» аттуу 1-курстар ортосунда адабий брейн-ринг өткөрүлүп, сынакта ФО(КЯ)-24, СЭО(И)-24, ФО(АЯ)-1-2-24, ФО(Аня)-24, ФО(РЯ)-24 тайпалары күч сынашты. Адабий брейн-ринг Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде түзүлгөн суроо-тапшырмалар боюнча 6 этаптан турган шарттарды аткарып, натыйжада СЭО(И)-24 тайпасы 1-орун, ФО(АЯ)-1-24 тайпасы 2-орун, ФО(КЯ)-24 тайпасы 3-орунду багындырышты.
Бул иш-чарада тарых-филология факультетинин деканы п.и.к. доцент Каденова Жаннат Токтомаматовна катышып жана студенттерди шыктандырып, байгелүү орунду ээлеген тайпаларга диплом жана сый — белектерин ыйгарды .
Иш чара кыргыз филологиясы кафедрасынын доценти, ф.и.к. Жусуева Сюита тарабынан уюштурулду.