5-декабрь күнү Тарых-филология факультетинде Кыргыз билим берүү академиясынын илимий изилдөөлөрдү уюштуруу лабораториясынын башкы илимий кызматкери, пед.и.д., профессор Добаев Кыргызбай Душенбекович конокто болуп, орус тили жана адабияты профилинин студенттерине » 21-кылымдын көндүмдөрү жана компетенциялары: студенттердин ийгилиги үчүн» аталышында интерактивдүү сабак өтүп берди. Студенттердин активдүү катышуусун шарттаган сабак суроо-жооп, ой пикирлер менен коштолду.
Кыргызбай Душенбекович бул өңүттөгү сабак, лекцияларды байма-бай өтүп, орус филологиясы кафедрасынын илимий потенциалын жогорулатууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин белгилеп өттү.