29-ноябрь күнү Тарых-филология факультетинин аялдар кеңешинин төрайымы Ё.И.Рузиева тарабынан 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата иш чара уюштурулду.Иш чарага Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунан чакырылган дарыгерлер катышты. Атайын чакырылган адистер АИВ инфекциясынын жугуу жолдору, алардын алдын алуу боюнча кеңири маалымат берүү менен студенттерге экспресс-тесттерден пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жаратышты.
Иш чарага факультеттин жалпы студенттери катышты.