Тарых-филология факультетинин кыргыз филологиясы кафедрасынын башчысы, ф.и.к, доцент Б. Т. Исмаилова жана кафедра окутуучулары О.Б.Алибекова, С.К.Жусуева, С.Ж.Исмаиловалар Өзбек республикасындагы Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда Ч.Айтматовдун 96 жылдыгына карата өткөн “Түрк элдеринин филологиясындагы фундаменталдык изилдөөлөр жана инновациялык билим берүү технологиялары» аталышындагы
эл аралык илимий-практикалык конференцияга барып, илимий макалалары менен катышып келишти.
Конференциянын пленардык бөлүгүндө кыргыз филологиясы кафедрасынын башчысы ф.и.к., доцент Бактыгүл Исмаилова куттуктоо сөз сүйлөп, Андижан мамлекеттик педагогикалык институту менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети ар дайым окуу-усулдук, илимий жана эл аралык багытта карым-катнашта болуп келе жаткандыгын баса белгилеп өттү.
Конференциянын жыйынтыгында катышуучулар атайын сертификаттарга ээ болушту. Конференцияга катышып келүү эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү ишмердүүлүгү тарабынан жүзөгө ашырылды.