2024-жылдын 1-ноябрь күнү Тарых-филология факультетинин кыргыз филологиясы кафедрасынын окутуучулары кыргыз тили жана адабияты профилинин студенттери менен биргеликте кайрымдуулук иретинде Ош шаарындагы Боорукерлик үйүнө барып, кабар алып келишти. Алар менен сүйлөшүп, пикир алышып, колдон келишинче моралдык жактан жардам берүүгө аракеттер жасалды. Мындан сырткары ысык тамактар жана керектүү буюмдар менен жардам берилди.
Бул акциянын негизги максаты студент жаштардын көкүрөгүндө кайрымдуулук, мээримдүүлүк сезимдерин ойготуп, ар дайым муктаждарга жардам колун сунууга тарбиялоо катары коюлган.