16-декабрда, өлкөнүн жогорку окуу жайларынын эң мыкты студенттерине Президенттик стипендияларды тапшыруу аземи болуп өттү.
Стипендияларды тапшыруу аземинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, жогорку окуу жайда билим алып жаткан студенттерден үмүтү чоң экенин айтып, жогорку окуу жайлардан өзүн, өлкөсүн өнүктүргөн дилгир жаштар чыгат деген ишеничте экенине токтолду. Ошондой эле мамлекет өз өлкөсүнө берилген, өз тарыхын аздектеген жана элибиздин руханий баалуулуктарын сактаган жаштарды ар дайым колдоорун баса белгиледи.
2024-жылы өлкө боюнча окууда ийгилик жараткан 90 студент аталган стипендияга татыктуу деп табылып, 60 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылды.
Аталган сыйлыкты тарых-филология факультетинин эки студенти алды.Сыйлык алган студенттер Маматшакир кызы Канзада, Аматова Фатима Жоомартовна. Студенттерди жетишкен ийгиликтери менен факультеттин жетекчилиги, окутуучулар жамааты, студенттери куттуктайт.