“Манас таануу” борбору
Улуттук духу күчтүү, өзүн сыйлаган ар бир эл өзүнүн рухий дөөлөттөрүн аздектеп, сактап, окутуп үйрөтүп, ата-бабадан калган элдик мурасын учурдун талабына жараша пайдаланат. Антпесе улуттун тарыхы унутулуп, маданий баалуулуктарынын нарк-насили төмөндөп, элдик каада-салттык көрөңгөсү соолот.
«Манас» – эпосу көркөмдүгү жогору, чоң көлөмдүү, мааниси терең, бирдиктүү идеялык мазмунга эгедер монументалдуу чыгарма. Кыргыз көчмөн цивилизациясынын энциклопедиясы катары кызмат кылып келе жатат. Элдин кылымдар бою калыптанган этнопедагогикалык көз карашын чагылдырган теңдешсиз дидактикалык, педагогикалык каражат. Кыргыз улутунун туу туткан сыймыгы, ата-бабадан калган тарыхый мурасы.
Биздин университетте «Манас таануу» борбору 2011-жылы ачылган. Борборго, негизинен кыргыз филология кафедрасынын окутуучулары жана студенттер мүчө болуп, «Манас» эпосуна байланыштуу ар тараптуу изилдөөлөр аткарылуу менен кошо иш- чаралар, семинар-тренингдер өткөрүлүп келүүдө.
Борбордун негизги максаты- кыргыз элинин негизги тарыхын, үрп-адатын, маданиятын келечек муундарга жеткирүү, “Манас” эпосунда берилген улуттук идеология менен жаш муундарды тарбиялоо, алардагы мекенчилдик сезимди ойготуу, улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү.
Негизинен, Манастаануу борборунда “Манас” эпосуна байланыштуу темаларда студенттер курстук иштерди, бүтүрүүчү квалификациялык иштерин жазышып, эпостун тегерегинде талкуулар, дискуссиялар, тегерек столдор уюштурулат. Мындан сырткары филологиялык билим берүү багытынын студенттеринин катышуусундагы иш чаралар байма-бай өткөрүлөт. Ал үчүн борбор заманбап техникалык жабдуулар электрондук доска, компьютер, телевизор, атайын үн уктуруучу аппараттар менен жабдылган. “Кыз-жигит сармерден” оюну, “Манас таануу” оюнча сынактар
“Манас таануу” борборунда 2012-2013-окуу жылында кафедра окутуучулары Н.Тилекова, Г.Усарова, С.Жусуевалар “Манастаануу” дисциплинасынан окуу-усулдук колдонмолору, 2017-18-окуу жылында ф.и.к. С.Сарыков “Манас таануу” окуу-усулдук колдонмолору иштелип чыгып, бүгүнкү күндө студенттер пайдаланып келишүүдө.
Борбордо аткарылган квалификациялык иштердин айрымдарын атап өтүүгө болот: п.и.к., доцент Г.Усарованын жетекчилигинде ФБК-16 тайпасынын бүтүрүүчүсү Акбар кызы Эркайымдын “Кыргыз адабиятында “Манас” эпосун окутуунун жолдору”, п.и.к., доцент Н.Тилекованын ФБК-16 Аттокурова Мээримгүл менен биргеликте “Манас”-кыргыз көчмөн цивилизациясынын эпикалык улуу мурасы”, ФБКд-15 тайпасынын студенти Абдраимова Анаранын “Манас” эпосундагы идеялардын азыркы учурга дал келиши”, ФБКд-15 тайпасынын бүтүрүүчүсү Арынова Венеранын “Манас” эпосундагы образдар системасы” ж.б.
Мындан сырткары илимий аймактык конференциялардын секциялык отурумдары өкөрүлүп келүүдө.